Жаңылыктар
Журналисттер жана блогерлерге кайрылуу
Чек ара
Журналисттер жана блогерлерге кайрылуу

Урматтуу журналисттер жана блогерлер! Баткендеги абал боюнча маалымат таратууда жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырабыз. Айрыкча аскерлер жана аскердик техникалардын жайгашкан жерлерин, алардын көчүп жүрүүсүн чагылдырбоону өтүнөбүз. Учурда Чек ара кызматы жана башка түзүмдөр күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда жана түзүлгөн кырдаалды тезирээк чечүү аракетин көрүүдө. Башка учурда болсо мейли, бирок ушундай оңой эмес кырдаалда айрым блогер, журналисттердин кыргыз Куралдуу Күчтөрүнүн дараметинен күмөн санаган билдирүүлөрдү чыгарып жатканы өкүндүрөт. Анткени бул жалган жана чагымчыл маалымат.

 Кыргыз жоокерлери материалдык-техникалык жактан толук камсыздалган.

Кыргыз тарапта тажик тараптын агрессиясына жараша жооп бергенге аскердик да, курал-жарак, техникалык да күчтөрү жетиштүү.

 Ошондой эле Сиздерден такталбаган маалыматтарды таркатпоону суранабыз.