Жаңылыктар
Баткенде каттам үчүн жолдор жабылды
Чек ара
 Баткенде каттам үчүн жолдор жабылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы курч кырдаалга байланыштуу Баткенде каттам үчүн жолдор жабылды. Алар Ош-Баткен-Исфана автожолунун 260-чакырымынан 276-чакырымына чейин бул Көк-Таш, Миң-Булак жана башка жолдор. 

Ош-Исфана унаа жолунда (272-чакырым) Орто-Боз айылындагы Төрт-Көчө көчөсү тосулган. Ош-Исфана жолунун 265-чакырымы жабылуу коркунучунда. 

Ош-Исфана жолунун айрыгы 216-чакырымында. Баткен-Кызыл-Бел жана Баткен-Раут-Каут унаа жолдору чыр-чатактын очогунда болгондуктан жабылуу коркунучунда турат. 

Баткен районунда Ош-Исфана унаа жолунун 211-чакырымынан 223-чакырымына чейин (айрык-Чоң-Талаа), 265-чакырымдагы Кара тилкеси жана 272-чакырымдагы Төрт-Көчө тилкеси жабылды. Кызыл-Бел жолу , Баткен - Кара-Бак.Лейлек районунда Кайрагач-Кулунду-Арка эки тарапка жана Ош-Исфана унаа жолунун 340-346-чакырымына чейин.