Жаңылыктар
ЖККУнун башкы катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулады
Чек ара
ЖККУнун башкы катчысы кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулады

ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась Кыргызстан жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчылары менен чек арадагы абалды талкуулаганын аталган уюмдун маалымат кызматы кабарлады. 

Билдирмеге караганда, Зась эки өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчылары Марат Иманкулов жана Насрулло Махмудзода менен телефон аркылуу байланышкан. Тараптар атышууну тез арада токтотуп, чатакты тынчтык жолу менен гана чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин белгилешкен.