Жаңылыктар
Тажик тарап оор техникалардан сырткары абадан чабуул коюуда
Чек ара
Тажик тарап оор техникалардан сырткары абадан чабуул коюуда

Тажик тарап оор техникалардан сырткары жалындуу от чыгарган ракеталык системаны жана авиацияны колдонуп, аткылап жатат. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларынын бардык чектеринде айыгышкан салгылашуу жүрүүдө. 

"Кыргыз тарап жерден жана абадан жасалган чабуулдун баарынын мизин кайтарууда. Кыргызстандын аймагын жана калктуу конуштарын басып алууга мүмкүнчүлүк берген жок", — деп айтылат маалыматта. 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атышууну токтотуу жана кырдаалды турукташтыруу боюнча бардык чараларды көрүп жатканын белгиледи.