Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалдан жабыркагандардын саны 18 адамга жетти
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалдан жабыркагандардын саны 18 адамга жетти

Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалдан жабыркагандардын саны 18 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди. Анын айтымында, учурда Баткен облустук бириккен ооруканасында куралдуу жаңжалдан жабыркаган 18 адам бар.

"Жабыркагандардын абалы тууралуу маалымат кийинчерээк берилет. Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар", - деди ал.