Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жарандарынын саны 31 адамга жетти
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жарандарынын саны 31 адамга жетти

Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалдан жабыркаган Кыргызстандын жарандарынын саны 31 адамга жетти. Маалыматка ылайык, Баткен облустук бириккен ооруканасына дагы 13 жабырлануучу түштү. 

Учурда аталган ооруканага ар кандай жаракат алган 31 жабырлануучу жаткырылды. Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет. 

Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү. Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.