Жаңылыктар
Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери ок атышууну токтотууну макулдашты
Чек ара
Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери  ок атышууну токтотууну макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашты. Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. 

Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Көк-Сай тилкесиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жериндеги “Самаркандек” чек ара тозотуна ок чыгарышкан. Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилди.