Жаңылыктар
Тажик аскерлери Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алды
Чек ара
Тажик аскерлери  Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алды

Тажик аскерлери Баткен районунун Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алды. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. "Ошондой эле тажик тарап чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонуп, муну менен карапайым калк арасында чоң жоготууга учуроодо", - деп белгилешти ведомстводон. Тажикстандын аскерлери чек арага жакын жайгашкан айылдарынан ок чыгарып, муну менен алардын позицияларына жооп иретинде ок атууга мажбурлоодо.

Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда өлкөнүн Чек ара кызматынын бөлүмдөрү Тажикстандын «Ляккан» жана «Богдари» чек ара заставаларын аткылашты. Тажикстандын коопсуздугун камсыздап жаткан тажик тараптын бир топ оор техникаларын жок кылышты.