Жаңылыктар
Тажикстан Кыргызстанга каршы гибриддик согуштун бардык ыкмаларын колдонууда
Чек ара
Тажикстан Кыргызстанга каршы гибриддик согуштун бардык ыкмаларын колдонууда

Тажикстан Кыргызстанга каршы гибриддик согуштун бардык ыкмаларын колдонууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тажик тарап алдын ала даярданган. 

Алар танктарды, миномётторду, бронетехникаларды, “Град” ракета системасын активдүү колдонууда. “Тажикстан шаар, айыл жана калктуу конуштарга чабуул жасап, чек арачылардан сырткары Куралдуу күчтөрүнүн бир катар аскерлерин колдонууда”, - деп айтылат маалыматта. 

Кыргыз тажик тарапка ок атышууну токтотууну, сүйлөшүү жыйынына отуруп, кырдаалды биргелешип чечүүнү талап кылууну улантууда. Учурда чек ара аймагында Кыргызстан жарандарынын үйлөрү өрттөлүп, буюмдары уурдалууда.