Жаңылыктар
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 63 медициналык жай жабылды
Ден соолук
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 63 медициналык жай жабылды

Быйылкы жылдын январь-июнь айларында, санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борбору, саламаттыкты сактоо жаатындагы мамлекеттик жана жеке жайларга 2 миңге чукул пландык текшерүүлөрдү жасаган. 

Анда - талапка жооп бербеген 63 жай жабылып, жоопкерчилик артылган 472 адамга айып пул салынды. Санитардык жактан талапка жооп бербеген тараптарга 805 эскертүү берилген. 

Мындан сырткары, Кыргызстандын аймагында катталбаган жана сертификат берилбеген дарыларды саткандыгы үчүн жыл башынан тарта 165 миң сомдон ашык айып салынган.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118