Жаңылыктар
Куралдуу кол салуудан 24 адам мерт болду
Чек ара
Куралдуу кол салуудан 24 адам мерт болду

Баткендеги саламаттык сактоо уюмдарына 24 кыргызстандыктын сөөгү түшкөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет. 

17-сентябрь түнкү саат 01:30га карата куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпысынан 87 жабырлануучу жаткырылган. Анын ичинен 5 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар. 

Ошондой эле ыкчам маалыматка ылайык, Баткен облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына мерт кеткен 24 кыргызстандыктын сөөгү түшкөн. Баткен облустук бириктирилген ооруканасына - 12, Лейлекке - 10, Кулундуга - 2. 

"Каза болгон мекендештерибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - деп айтылат билдирүүдө.