Жаңылыктар
Улуттук телерадиоберүү корпорациясы оор жоготууга учурады
УТРК жаңылыктары
Улуттук телерадиоберүү корпорациясы оор жоготууга учурады

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жана жалпы кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады. Улуттук каналдын Котормо студиясынын продюсери Мырзакул Мамбеталиев 63 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. 

Мырзакул Мамбеталиев 1959-жылдын 20-февралында Чүй облусунун Кош-Коргон айылында төрөлгөн. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1981-жылдан бери өлкөнүн башкы каналында алгач катардагы кабарчы болуп, кийин "Ала-Тоо" студиясында, социалдык-экономикалык студиясында продюсер, Улуттук каналдын вице-президенти болгон. Акыркы жылдары "Котормо" студиясын жетектеп турган. Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгынын урматына мамлекеттик жогорку сыйлык "Даңк" медалы менен сыйланган. 

Улуттук биринчи каналдын эмгек жамааты кесиптешинин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.