Жаңылыктар
Чек арада кырдаал чыңалган абалда
Чек ара
Чек арада кырдаал чыңалган абалда

УКМКнын Чек ара кызматы бүгүн, саат 11:15ке карата Баткен районунун Достук айылы тажик тараптан минометтон аткыланганын билдирди. 

Ок атышпоо боюнча жетишилген макулдашууларга карабай, тажик тарап үч минометтук экипаждан айылга ок чыгарган. Буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, тажик тарап бүгүн саат 8:50дөн 08:55ке чейин да Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине миномёттон аткылаган. 

Чек ара кызматы тажик тараптын чабуулунун мизин кайтарууда.