17-сентябрь саат 14:00гө карата алынган ыкчам маалыматтарга таянсак, чек ара коогалаңында жабыркагандардын саны 121 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, жети жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Баткен облустук бириккен ооруканасында – 41, Лейлек Бириккен дарыгерлер борборунда - 35, Кулунду Бириккен дарыгерлер борборунда - 3, Сүлүктү Бириккен дарыгерлер борборунда - 6, Улуттук госпиталда – 21, Улуттук хирургиялык борбордо – 1, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда – 6, Ош облустук бириккен ооруканасында – 1 жарыблануучу жатат. Андан тышкары, куралдуу кагылышуудан 24 кыргызстандык каза болду.