Жаңылыктар
Баткенге жардам берүү үчүн атайын эсеп ачылып, гуманитардык жардам жөнөтүлүүдө
Чек ара
Баткенге жардам берүү үчүн атайын эсеп ачылып, гуманитардык жардам жөнөтүлүүдө

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан улам Баткенге жардам берүү үчүн атайын эсеп ачылып, гуманитардык жардам жөнөтүлүүдө. Мамлекеттик органдардын кызматкерлери дагы четте турбай Баткенге жардам катары бир күндүк эмгек акысын которууда. Алар: Экономика жана коммерция министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы, Айыл чарба министрлиги, Билим берүү министрлиги, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Президенттин Администрациясы, Соттук системанын кызматкерлери, Улуттук статистика комитети.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу кайрымдуулук жардамдарын которуу үчүн бирдиктүү эсептин реквизиттери:

Алуучу: Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты.

Алуучу банк: МФКР Борбордук Казыналыгы

Казыналык системасындагы алуучунун эсеби:

4409021103005073 БИК 440902 - (МКП, ВКП) БИК 440001 – банктар аркылуу

Комбанктар аркылуу алуучунун эсеби: 1352119929762602

Алуучу банк: "Айыл Банк" ААК БИК 135001

Төлөмдүн багыты: Баткен окуяларында жабыркагандарга жардам

Төлөм коду: 14411100