Жаңылыктар
Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5 миң 34 адам эвакуацияланды
Чек ара
Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5 миң 34 адам эвакуацияланды

Оштун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5 миң 34 адам эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, алардын ичинен 68 адам райондук борбордук мечитке, Кашка-Суу айылынын Тилекмат Эшената мечитине 24, калган 4 миң 942 жаран жакындарыныкына жайгаштырылды. 

Аларга тамак-аш жергиликтүү бийлик тарабынан берилүүдө. Чон-Алай району боюнча эвакуациялоо иш-чараларына Жарандык коргонуу кызматтарынан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жалпы 185 кызматкер, 12 техника, жергиликтүү тургундардан 673 жаран, 149 техника тартылган. ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан Чоң-Алай районуна 80 матрас, 44 жаздык, 500 даана жууркан бөлүнгөн.