Жаңылыктар
Баткен облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Чек ара
 Баткен облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Баткен облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Кечээ, 16-сентябрда Кыргызстан Тажикстан менен чектешкен аймактарда курал колдонуу менен катталган чыр-чатакка байланыштуу аймакты тынчтык абалга келтирүү, кагылышуунун очогундагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, эвакуациялоо-көчүрүү иштерин жүргүзүү, адам өлүмүнө жеткирбөө жана тийиштүү күчтөрдү мобилизациялоо максатында, Баткен облустук Жарандык коргонуунун башчысы – Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин 16-сентябрдагы буйругунун негизинде Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. 

Өзгөчө кырдаал жарыяланган аймак Баткен облусун камтыды. Баткендеги соңку кырдаал тууралуу биздин каналга президенттин облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаев маалымат берди.