Жаңылыктар
Баткен: эвакуациялык жолдор ачык
Чек ара
Баткен: эвакуациялык жолдор ачык

Баткен облусунун Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 211-220 чакырымдары, 265-км Кара айыл бөлүгү, 272-чакырымындагы Төрт-Көчө бөлүгү жана Баткен-Кара-Бак, Баткен-Кызыл-Бел, Кок-Таш-Ак-Сай автожолунун 7 км аралыгында көпүрө жараксыз абалга келгендигине байланыштуу унаа жолдору каттам үчүн жабылган. 

Ошондой эле, Лейлек районунун Кайрагач-Кулунду-Арка унаа жолу, эски багыттагы Ош-Баткен-Исфана жолунун 340-346 км аралыгы жабылган. Төрт-Күл-Достук, Ак-Сай-Рават, Миң-Булак-Чорго-Ак-Сай, Кок-Таш-Ак-Терек эвакуациялык жолдор ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашууда.