Жаңылыктар
Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаал кайрадан чыңалды (18:20)
Чек ара
Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаал кайрадан чыңалды (18:20)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 17-сентябры саат 18:20га Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал кайрадан чыңалып жаткандыгын маалымдады. 

Ок атууну токтотуу жана чек ара сызыгынан аскерлерин жана күчтөрүн чыгаруу боюнча бардык келишимдерди дагы бир жолу бузуп, тажик тарап УКМКнын Чек ара кызматынын “Карамык” чек ара заставасынын чек арачыларына ок чыгарган.

УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы аймактардагы абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.