Жаңылыктар
Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасында жаракат алгандардан кабар алды
Чек ара
Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасында жаракат алгандардан кабар алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда жаракат алган балдардын жана жарандардын абалынан кабар алды. 

Акылбек Жапаровго Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда тийиштүү дарылануу жана психологиялык жардам алып жаткан 7 баланын абалы тууралуу маалымат берилди. Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук госпиталында дарыланып жаткан - жарадар болгон жарандарга жана аскер кызматкерлерине барды. 

Учурда медициналык мекемеде 36 адам дарыланууда, жабыркагандардын абалы орто жана оор деп мүнөздөлөт. Министрлер Кабинетинин Төрагасы бардык жабырлануучулар тийиштүү дарылануу жана андан ары ден соолугун калыбына келтирүү менен камсыздалаарын белгиледи. Акылбек Жапаров жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.