Жаңылыктар
Бишкекте куралдуу кол салууда жараат алган алты балага операция жасалды
Чек ара
Бишкекте куралдуу кол салууда жараат алган алты балага операция жасалды

Бишкектеги эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Баткен облусунда куралдуу кол салуунун кесепетинен жабыркаган алты балага операция жасалды. Алардын эң кенжеси тогуз айлык. 

Дарыгерлердин айтымында жабыркагандардын абалы туруктуу. 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 24 адам мерт кетти. Жабыркагандардын саны 122ге жетти. Учурда аларга медициналык жардамдар берилип жатат.