Жаңылыктар
Баткен жана Ош облустарындагы кыргыз-тажик чек арасында түн ок атуусуз тынч өттү
Чек ара
 Баткен жана Ош облустарындагы кыргыз-тажик чек арасында түн ок атуусуз тынч өттү

18-сентябрга карата Кыргызстандын Баткен жана Ош облустарындагы кыргыз-тажик чек арасындагы түн ок атуусуз тынч өттү. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бирок эки тараптан тең көрүлгөн чараларга карабастан кырдаал курч бойдон калууда. 

Учурда тараптардын өкүлдөрү мамлекеттик чек арадагы иштерди улантып, жетишилген макулдашууларды так аткаруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат. 

Министрлер кабинетинин орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кырдаалды жөнгө салуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялоону улантууда.