Жаңылыктар
"Ак-Жар" жана "Адилет" конуштарын жакшыртуу иштери колго алынат
Кыргызстан жаңылыктары
"Ак-Жар" жана "Адилет" конуштарын жакшыртуу иштери колго алынат

Бүгүн "Ак-Жар" жана "Адилет" жаңы конуштарын өнүктүрүү боюнча долбоор талкууланды. Ага жергиликтүү тургундар, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен райондук администрация өкүлдөрү катышты. Конуштардагы көйгөйлөрдү чечүүдө көмөктөшүп келе жаткан "Арыш" коомдук бирикмеси менен жергиликтүү тургундар, "Ак-Жар" менен "Адилет" конуштарын өнүктүрүү боюнча атайын стратегия иштеп чыккан. 

Буга чейин 13 конушту мыйзамдаштырууда жана конуштардын инфраструктурасын жакшыртууда алгылыктуу иштер аткарылган. Учурда аталган эки конушту дагы Бишкек шаарынын карамагына өткөрүү боюнча иштер аткарылып жатат.