Чоң-Алай районунда да абал салыштырмалуу туруктуу экенин жеринен кабарчыбыз билдирет. Кечээ Ош облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагында да тажик тараптан ок атуулар болгон.
Мындан улам Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүндөгү 5 айылдын тургундары коопсуз жактарга эвакуацияланган.