Жаңылыктар
“Айчүрөк” соода борборунун жанында жайгашкан базар ишин токтотту
Кыргызстан жаңылыктары
“Айчүрөк” соода борборунун жанында жайгашкан базар ишин токтотту

“Айчүрөк” соода борборунун төмөн жагында жайгашкан базар октябрь айынан тарта ишин токтотту. 

Бул көп жылдан бери соода борбордун аймагынан орун алган ижарачылардын келишими аяктап калгандыгына байланыштуу. Жакынкы күндөрү инженердик коммуникациялар толугу менен жаңыртылып, базардын ордуна жаңы соода борбор менен унаа токтоочу жай курулмакчы. 

Буга чейин базарда иштеген соодагерлер менен келишим 3 жолу узартылган. 130 соодагердин кээ бири орун которсо, айрымдары борбордук универсалдык дүкөндөн орун алышты.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118