Жаңылыктар
Чек ара кызматы: Абал чыңалуу бойдон калууда
Чек ара
Чек ара кызматы: Абал чыңалуу бойдон калууда

Бүгүн, 19-сентябрь саат 08:00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон калууда. 

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 18-сентябрдан 29-сентябрга караган түн тынч өттү. Ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди бузуу катталган жок. УКМКнын Чек ара кызматынын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүктөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.