Жаңылыктар
УКМК: төрт чек арачы бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: төрт чек арачы бошотулду

19-сентябрда түштөн кийин Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын жана облустук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Тажикстандын аймагында болуп, тиешелүү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тажик тарабынан кармалган төрт аскер кызматкерин бошотууну макулдашышты. Саат 21:00дө УКМКнын төрагасы бошотулган 4 чек арачы менен бирге Баткен облусунун "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандын аймагына кайтып келди. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында Баткен облусундагы мамлекеттик органдар менен чогуу ок атышууну токтотуу, күчтөрдү чыгарып кетүү жана кырдаалды турукташтыруу боюнча эки тараптуу кыргыз-тажик макулдашууларын камсыздоо боюнча иштер улантылууда. Чек арага жакын аймактардын калкынын коопсуздугун камсыз кылуунун алкагында Ташиев тажик кесиптеши менен дайыма байланышта болуп жатат.