Тажикстандын куралдуу оор техниканы колдонуп чекти бузуп, өлкөгө басып кирүүсүнүн кесепети улуттук аза күтүү күнүнө алып келди. Куралдуу кагылышуу бир топ үй-бүлөнү атадан, баладан, иниден, агадан, жардан айырды. Жалпы кыргызстандыктардын кабыргасы кайышып турган кез. Тилекке каршы тажик тарап биринчи жолу тынч жаткан элге катылып, бүлүк салган жок.