Жаңылыктар
ӨКМ: 364 турак жай, 168 чарбалык имарат, 14 мекеме жабыркады
Чек ара
ӨКМ: 364 турак жай, 168 чарбалык имарат, 14 мекеме жабыркады

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куралдуу кагылышууда Баткен облусунда талкаланган турак жай, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелердин санын тактоону улантууда. 

"Алдын ала эсеп боюнча 364 турак жай, 168 чарбалык имараттар, 5 мектеп, 3 бала бакча, бир ФАП, беш административдик мекеме жабыркады", - деди ӨКМдин өкүлү Ырысбек Жолдошбаев 20-сентябрда журналисттерге маалымат берип жатып. Жолдошбаевдин айтуусунда, алардын ичинен калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон имараттар толук сүрдүрүлүп, жаңыдан курулат.