Жаңылыктар
Чек арада абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу
Чек ара
Чек арада абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу

21-сентябрь, саат 09.00гө карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. 

20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өтүп, терс окуялар катталган жок. 20-сентябрдан тарта мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жарылбай калган ок-дарылардан, миналардан, снарядтардан жана башка жардыргыч заттардан табуу, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүүдө.