Жаңылыктар
Эрте турмуш куруу ажырашууга алып барууда
Кыргызстан жаңылыктары
Эрте турмуш куруу ажырашууга алып барууда

 

Эселек кезде эрте турмуш куруп турмушу бузулган жаш кыздардын саны өсүп жатканы өкүнүчтүү. 

Барынан мурда тебеленген укук, ажырашуунун кесепетинен жапа чеккен балдардын келечеги кандай болот? 

Адистер түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү сунуштайт.

Өкмөттүк эмес уюмдардын иликтөөсүндө жашы жете элек же өспүрүм курагында турмуш курган кыздардын саны барган сайын өсүүдө. Кейиштүүсү турмушка даяр боло элек эселек кыздар, ортодо балдар чайналууда. Акыйкатчы институтунун балдардын укугун коргоо бөлүмүнө жылына жүздөгөн кыз-келин кайрылат. 

Адистердин айтуусунда баардык учурда жаш кыздардын укугу тебеленүүдө. Себеби диний жөрөлгөлөр менен үйлөнгөндүктөн расмий нике кагазы жада калса паспорту да жок.