Жаңылыктар
БУУ чек ара айылдарын калыбына келтирүүдө Кыргызстан менен кызматташат
Чек ара
БУУ чек ара айылдарын калыбына келтирүүдө Кыргызстан менен кызматташат

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Борбор Азия боюнча аймактык бөлүмүнүн башчысы Ришард Коменда менен жолугушту. 

Жолугушууда тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашты. Молдогазиев чек аралаш аймактардагы адам өмүрүн алган соңку окуя тууралуу айтып, каза болгондордун арасында балдар да болгонун, куралдуу кагылышта 140 миңден ашуун жаран тынч аймактарга эвакуация болгонун белгилеген. 

Өз кезегинде Ришард Коменда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Борбор Азия боюнча аймактык бөлүмү Өзгөчө кырдаалдар учурунда чара көрүү боюнча координациялык топтун ишине активдүү катыша турганын айтты. 

Кырдаалга терең тынчсыздануу менен көз салып жатканын белгилеп, чек ара маселелерин саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн маанилүү экенин белгилеген.

Ришард Коменда Баткен облусунун жабыркаган аймактарында жашоону калыбына келтирүү үчүн Кыргызстан менен мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирди.