Жаңылыктар
Чек арада ок атылган жок
Чек ара
Чек арада ок атылган жок

Бүгүн, саат 20:00гө карата Баткен облусунун аймагында абал тынч. Ок атышуу катталган жок.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы саат 19:30да эки облустун жетекчилери Абдикарим Алимбаев жана Раджоббой Ахмадзоданын күч структураларынын жетекчилери менен бирге жолугушуусу башталганын билдирди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы бүгүн, саат 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тушунда Тажикстандын аймагында эки жолу ок атылган. Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына жана Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды социалдык түйүндөрдөгү ишеничсиз басылмалар жана ар кандай ушак-айың кептер менен коомчулуктун тынчын албай, тиешелүү органдар менен болгон маалыматтарды тактап чыгууга чакырат.