Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун Нью-Йорк шаарына болгон иш сапары жыйынтыкталды
Саясат
Президент Садыр Жапаровдун Нью-Йорк шаарына болгон иш сапары жыйынтыкталды

Президент Садыр Жапаровдун Нью-Йорк шаарына болгон иш сапары жыйынтыкталды. Мамлекет башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйынында сөз сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасындагы болуп өткөн окуяга дүйнө коомчулугунун назарын бурду. Коңшу мамлекеттин куралдуу агрессиясын сынга алды. Башкы Ассамблеянын 77-сессиясына 193 өлкөнүн жетекчилери катышты. 

Садыр Жапаров уюмдун аянтчасында Швейцариянын Президенти Иньяцио Кассис, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Катардын Эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолукканы кабарланган. 

Мындан сырткары Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гуттериш жана БУУнун түзүмүндөгү бир катар уюмдардын жетекчилери менен да кызматташуу маселелерин талкуулады. Президент жетектеген делегация Бишкек шаарына кайтып келди.