Жаңылыктар
Конституцияны өзгөртүү маселеси дале кызуу талкууда
Саясат
Конституцияны өзгөртүү маселеси дале кызуу талкууда

Жаңы долбоордогу “Кумтөргө” тиешеси бар беренени көпчүлүк колдоого алды. Кыргызстандын тарыхында баш мыйзамга алгачкы жолу “экоцид” термини киргизилип жатат. Тагыраак айтканда, экологияга массалык түрдө зыян алып келген жана ага жол ачкан ишмерлер кылмыштын мөөнөтү өткөнүнө карабай жоопко тартылат. 

“Жасалган кылмыштын эскирүү мөөнөтү келгенде  жазык жоопкерчилигинен бошотуу укугу мыйзам менен белгилениши мүмкүн. Геноцид  жана экоцид кылмыштарына эскерүү мөөнөтүн колдонууга жол берилбейт”. Дал ушундай жобо баш мыйзамдын 26-беренесине кошумча 7-пункт болуп киргизилип жатат. Экологияны массалык түрдө зыянга учураткан кылмыштарга айрым өлкөлөрдө катаал чаралар көрүлөт. Ал эми Кыргызстанда буга баш мыйзамдын деңгээлинде эми гана маани берилүүдө. Өлкөдө жаратылыш талкаланган көрүнүштөр өзгөчө “Кумтөргө” байланыштуу. Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында президент менен Жогорку Кеңештин ортосунда дал ушул “Кумтөр” маселесинен улам тирешүү болгонун эске салууда. Ал түзөтүүлөр киргизилип жаткан баш мыйзамдын көпчүлүк бөлүгүнө каршы чыккан күндө да сөз болуп жаткан 26-беренени толугу менен колдойт.

Буга чейин “Кумтөрдү” иштетүүгө байланыштуу Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келишимдерди түзүүгө тиешеси бар делген бир катар чиновниктер кармалып, бирок кылмыштын мөөнөтү эскерди деген жүйөө менен кайра кое берилген. Ушундан улам мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы айтылган эле.

Калыгул Асамбаев