Жаңылыктар
Ж.Кулубаев Тажикстанды Алматы декларациясынын принциптерин сактоого чакырды
Саясат
Ж.Кулубаев Тажикстанды Алматы декларациясынын принциптерин сактоого чакырды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун жумушчу жолугушуусуна катышты. Жыйын Армениянын төрагалыгы алдында өттү.

Министр Кулубаев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыш тууралуу маалымат берип, кырдаал "Тажикстандын кыйратуучу, чагымчыл жана мыйзамсыз аракетинин натыйжасында" кескин курчуп кеткенин айтты. 

"Кулубаев БУУнун Уставында бекитилген аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аранын бузулбастыгы, маселени тынч, дипломатиялык жол менен чечүү сыяктуу эл аралык нормалар жана башка жоболор орой мүнөздө бузулганын маалымдады. Тажикстан тарапты дал ушундай эле аймактык бүтүндүгүн, чек аранын бузулбастыгын сыйлоо тууралуу КМШнын 1991-жылдын 8-декабрдагы жана 21-декабрдагы Алматы декларациясынын принциптерин сактоого чакырды", - деп жазылган маалыматта.