Эл укук коргоо органдары аларга жардам берип, бардык аракетин жумшаарына ишениши керек. Бул максатта Кайгуул кызматы коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча күнү-түнү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Калкка жардам көрсөтүү, арыздарды чечүү милициянын биринчи кезектеги милдети. Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек, Арка, Арка-2, Кулунду, Интернационал айылында абалды турукташтыруу боюнча тапшырмаларды берди.
Милиция Баткен облусуна барган гуманитардык жардамдын дарегине жетүүсүнө көзөмөл жүргүзүүдө.