Жаңылыктар
Баткен облусуна өлкө аймагынан чогулган 1131 тонна гумжардам жеткирилди
Чек ара
Баткен облусуна өлкө аймагынан чогулган 1131 тонна гумжардам жеткирилди

Баткен облусуна өлкө аймагынан чогулган 1 миң 131 тонна гумжардам жеткирилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, анын ичинен 166 тонна ӨКМ тарабынан, 792 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 172 тонна гуманитардык жардам турат. 

Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө. Өлкөнүн бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 184 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда.