Жаңылыктар
Кыргызстандагы чет өлкөлүк жана жергиликтүү ЖМК өкүлдөрү Баткен облусуна барды
Чек ара
Кыргызстандагы чет өлкөлүк жана жергиликтүү ЖМК өкүлдөрү Баткен облусуна барды

Кыргызстандагы чет өлкөлүк жана жергиликтүү Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Баткен облусуна барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. 

Анын айтуусунда, башкы максат – чек арага чектеш айылдарга баскынчылык менен жай тургундардын жашоосуна бүлүк салып, социалдык объектилерди талкалашканын көрсөтүү жана ал аркылуу дүйнө коомчулугуна чындыкты жеткирүү. 

"Учурдан пайдаланып, акыркы кырдаалга байланыштуу маалыматтык коштоодо - кыргызстандык кайдыгер эмес жарандар, журналисттер жана блогерлердин салымы бар экенин белгилеп, аларга ыраазычылык билдирем. Ошону менен бирге, маалыматтык салгылашта кандай ыкмалар колдонулуп жатканы купуя бойдон сакталышы керек деп эсептейм. Тилекке каршы, түзүлгөн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ЖМКлар аркылуу ушул күндөрү жасалган иштерди, жардамга колу тийип калган айрым досторубуз бүт сырды ачыктап айтып жатышат. 

"Маалыматтык согушта бул андай иштеди, мындай кылса болмок, биз бул ыкмаларды колдондук эле, тажиктерди уттук" деп жарыялап жатышат. Эгерде, чын эле жардам берүү учурунда максатыңыздар "мамлекетке пайдабыз тийсин" деген болсо, анда кандай иштегениңерди айтып, ачыктап кереги жок. Берген жардамыңар өзүңөрдү таанытуу үчүн болсо бул туура эмес. Тескерисинче, зыяны дагы тийип калышы толук мүмкүн. Бардыгын эле ачыктай берсек, анда стратегиялык жактан чоң ката кетирген болобуз. Ушунча болду, анда биздин аскерлердин позициясынан бери мактанып айтып берели! 

Маалыматтык согушту салыштыра турган болсоңор, кармаштын аягы бүтө электе "биз минтип аттык, момундай куралыбыз бар болчу, тоонун бул үңкүрүнөн барын көрүп турдук", деген сыяктуу эле да! Урматтуу блогерлер, чын ниеттен жардам берсеңиздер анда купуялуулукту сактаңыздар. Популисттик үчүн жардам берип, кайра аны мактанып, аны менен тим болбой мамлекеттин маалыматтык саясатын "эмне кылып жатасыңар, элге айтып тургула" деген кыска түшүнүктөн алыс болууга чакырам - деп айтылат президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун билдирүүсүндө.