Жаңылыктар
Немистер дүйнөлүк финансылык согушун баштады
Экономика
Немистер дүйнөлүк финансылык согушун баштады

Россиялык гезит  “Аргументы недели”  «Немистер дүйнөлүк  финансылык согушун баштады » аттуу макаласын жар салды. Макалада Германия батыш  коңшу өлкөлөрү менен соода жана финансылык мамилери курчуп турган жагдай айтылат. Германиянын бийлиги жыйырма эл аралык банктардын ишмердүүлүгүн  текшере баштады. Анын ичинен өзгөчө америкалык жана англиялык банктарды .Немис маалымат каражаттары аларга  10 млрд доллар  же андан көп суммадагы доомат  коет  деп божомолдоп жазат. Себеби Америка Кошмо Штаттары Германиянын  Deutsche Bankына  14 млрд доллар  айып пул төлөгөнгө мажбур кылууда –деп орус гезити баса белгилейт. Басылманын көз карашында дал ушул  себептен немис өкмөтү  Вашингтондон  өч алууну көздөп турган убагы. Германия XX –кылымда эки  дүйнөлүк   согушту баштаганы белгилүү. 

Тескерисинче бүгүнкү  күндө  америкалыктар финансы майданында биринчи болуп чабуулга өттү. Вашингтон Volkswagen концернине доомат коюп жана15,3 млрд доллар айып пул төлөгөнгө милдеттентирди. Немистер бул согуштан баш тартып акырындык менен төлөсө болмок. Бирок азыркы күндөгү Германия ,70 –жыл мурда жеңилген үчүнчү рейх эмес. Германиянын бийлиги америкалыктар менен күрөшө баштады. Берлинден көз каранды  Еврокомиссия американын сыймыгын – Apple компаниясына 14,5 млрд доллар айып пул салышты. Еврокомиссия Ирландия менен тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, казынага ири суммадагы салык төлөгөн жок –деп айыптады. Жогоруда сөз болгон карама –каршылыкта азыркы күндө Америка Кошмо Штаттары  формалдуу түрдө жеңди. Жакынкы арада бийликтен кетчү  Барак  Обама Американын кызыкчылыктары үчүн аягына чейин күрөшөт. 

Ошондуктан Вашингтон Deutsche Bankты кысымга ала баштады. Ал эми Ангела Меркелдин кеңсеси   Германиянын  экономикасын коргоп” дүйнөлүк финансы согушун” баштады. Түндүк Рейн – Вестфалия каржы кызматы  америкалык JP Morgan, британиялык Barclays жана жана  франциялык  BNP Paribas банктарын  салыктык шылуунчулук бар деген шектөө менен текшере баштады. Мындан сырткары немис коопсуздук кызматтары  өлкөдөгү  жыйырма  чет элдик финансы инстуттарын иликтөө жүргүзүп жатат. Германия  жогоруда сөз болгон иш-чаралары менен  тобокелчиликке барууда. Баардык согуштар экономикалык көйгөйлөр үчүн башталган-деп орус гезити макаласын жыйынтыктады.

Алмаз Батилов, "Биринчи радио"