Жаңылыктар
Франция Асаддын бийлиги менен жашыруун кызматташууда
Дүйнө
Франция Асаддын бийлиги менен жашыруун кызматташууда

Испаниялык El Pais басылмасынын журналисти Наталия Санча “Европалык чалгынчылар Сириядан жихадчыларды торго түшүрө баштады“  макаласын жазып чыкты. Испаниялык кабарчы баяндамасын расмий Дамаскга каршы күрөшкөн террорчул топтун командиринин  маалыматына таянып жазган.  Журналисттин айтымында европалык чалгын кызматтары Сириянын козголуңчулары менен тымызын  сүйлөшүүлөрдү жүргүүзүдө. Алардын максаты  ДАИШтин катарындагы  Европалык 5,5 миң террористерди колго түшүрүү. Эгерде бул радикалдар Европага кайтса, террордук актыларды уюштурат деген кооптонуу бар. 

Жогоруда сөз болгон согушкер “Ислам мамлекети" деп атаган террордук уюмдагы  европалык жихадчылар туралуу малыматты топтоп европалык чалгынчыларга сатат-деп Наталия Санча макаласында айтат. Испан журналистинин пикиринде  ошол эле маалда ДАИШ менен согушуп жаткан аймактардын жанында 300 америкалык, англиялык жана франциялык атайын багыттагы аскерлер жайгашып жаткан учуру. Себеби алар  европалык согушкерлердин башчыларын туткунга түшүргөнгө умтулууда. Эмне үчүн расмий Дамаскга каршы күрөшкөн диний радикал  топтордун командирлери  европалык чалгын кызматтары менен кызматтушуда деген суроо жаралат. Мурда жогоруда  айтылган террорчуларды Фарс булуңундагы мамлекеттердин тарабынан каржыланып турган. Экономикалык каатчылыкка  байланыштуу бул өлкөлөр Сириянын диний радикалдарга мурункудай көмөк бере албай калды.Ошондуктан булар акча табуунун оңой жолун издеп ,бей-жай тургундарды барымтага алып  жана аткезчиликкке өтүштү. 

Мындан сырткары Европадан келген согушкерлер тууралуу маалыматтарды чогултуп. Аны европалык күч түзүмдөргө сатканы таң калыштууэмес. Евробиримдик ушул маселе боюнча расмий түрдө Дамаск менен кызматташып жатканын моюнга алгысы келбейт. Асад Сириядан козголуңчуларды сүрүп чыгарганын көрүп. Дамаскка Евробиримдиктен  тымызын  саясатчылар  менен евро депуттардын делегациялары көп каттай баштады. Европа  мамлекетеринин  жарандары Сирия менен Иракта  ДАИШтин катарына кошулуп,согуштук  тажрыйба жагынан такшалып, Европага  кайтып келип, террордук актыларды уюштурганы–коркунучтуу кырдаалды түзүп жатканы –Европа өкмөттөрүн тынчын алууда. Өзгөчө Франция Асаддын бийлиги менен  жашыруун тыгыз кызматташып жаткан убагы. Анткени Париж өлкөсүндө 15 миң  радикал-исламчыларды күнү -түнү аңдыганга аргасыз. Андан  тышкары Франциянын 689 жараны Ислам мамлекети деп атаган террордук уюмга кошулуп Дамаск какаршы  согушуп Ата-Мекенине кайтып  келишти - дейт Наталия Санча.

Алмаз Батилов, "Биринчи радио"