Жаңылыктар
Эмки жылдан тарта биометрикалык паспорттор бериле баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Эмки жылдан тарта биометрикалык паспорттор бериле баштайт

Жаңы жылдан тарта кыргызстандыктарга биометрикалык паспорттор берилип баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Январь айынан баштап, кийинки жылдын октябрына чейин Мамкаттоо кызматы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте 2,5 млн паспортту алмаштырат. Электрондук документтин кириши менен эми “жасалма паспорт” маселеси жоюулат деп адистер ишендирүүдө. Ал эми учурда өлкөдөн башка бирөөнүн документти менен чыгып кетүү аракети токтобой келет. Чет жерде жүргөн мигранттардын баш оорусу да бул “паспорт”. 

Адистердин айтымында жасалма документтер  маселеси  “Кара тизме”  чыккандан бери  көп катталып жатат.  Ал эми Ички иштер министрлигинин  буга чейин берген  маалыматтарында,  2012-жылдан 2014-жылга чейин чет мамлекеттерден депортацияланып келген 6 миңден  ашык  кыргызстандыкка мыйзамсыз паспорт берилген. Ал эми  Мамлекеттик каттоо кызматы кийинки жылдан тарта электрондук документтин кириши менен “жасалма паспорт” маселесине кескин түрдө бөгөт коюлат деп ишендирүүдө.

Сүймөнкул Идирисов