Жаңылыктар
Жалал-Абад: сүрөт мектебинин имараты оңдоп-түзөөгө муктаж
Билим
Жалал-Абад: сүрөт мектебинин имараты оңдоп-түзөөгө муктаж

Жалал-Абад шаарындагы облустук көркөм сүрөт мектебинин имараты капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Имарат курулгандан бери бир кылым убакыт өтсө да капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Облус боюнча жалгыз болгон мектепте учурда 50гө жакын бала билим алат. 

Көркөм сүрөт мектебинин имаратында 1930-жылдарга чейин алгачкы ички иштер боюнча элдик комиссариаты — милиция кызматы жайгашкан. Милиция кызматкерлеи үчүн атайын имарат курулгандан кийин бул имарат Жалал-Абад медициналык окуу жайына өтүп, студенттер билим алган. Кийин ал имарат студенттердин поликлиникасына айланган. Бирок, поликлиника жоюлуп кетип, имарат кароосуз калган. 2000-жылы имарат көркөм сүрөт жатак мектебине берилген.Ошол мезгилден бери талантуу жаштар тамтыгы чыккан имаратта билим алуусун улантып келишет.

Көркөм сүрөт жатак мектебинде 40 бала тарбияланат. Алыскы район-шаарлардан  келген балдар жатып билим алып, үч маал тамак берилет.

Талгат Бакиев