Жаңылыктар
“Баткенге жардам” республикалык штаб өз ишин аяктады
Чек ара
“Баткенге жардам” республикалык штаб өз ишин аяктады

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда ачылган "Баткенге жардам" республикалык штабы өз ишин токтотту. Бул тууралуу бүгүн штабдын координатору аткарылган иштер боюнча отчет берип жатып билдирди. Бирок Бишкекте 4 пункт өз ишин улантат. Ага куралдуу кагылышууда жабыркаган жарандар адистерден консультация же психологиялык жардам алуу үчүн кайрыла алышат.