Жаңылыктар
Алты кепилдик фонду кирешелүү иштеп жатат
Экономика
Алты кепилдик фонду кирешелүү иштеп жатат

Учурда Кыргызстанда алты кепилдик фонду кирешелүү иштеп жатат. Бул тууралуу  жакында эле түзүлгөн «Мамлекеттик Кепилдик фонду» ачык акционердик коомунун директору Малик Абакиров  билдирди. 

Жетекчинин айтымында,  алар Ош, Жалал-Абад, Баткен, Кара-Балта, Кант шаарында  жана Ысык-Көлдө өз  натыйжалуулугун көрсөтүүдө. Маалыматка ылайык, ишкерлер эми насыя алганда анын бир бөлүгү үчүн кепилдик  ушул фонддор тарабынан берилмекчи. 

Кыргызстанда чакан жана орто ишкерлерди колдоо максатында  атайын ачык акционердик коому болуп «Мамлекеттик кепилдик фонду» дагы түзүлүүдө. Мекеме толук кандуу 2017-жылы ишке киришерин Экономика министри Арзыбек Кожошев тастыктады. 

Азыр фонду уюштуруу иштери жүрүп, айрым банктар менен келишимдер түзүлүп жатат.

Мээрим Абдраманова