Жаңылыктар
Памирде жашаган кыргыздарга жардам жөнөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Памирде жашаган кыргыздарга жардам жөнөтүлдү

Кыргыз өкмөтү Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөттү. Ош шаарынан кеткен автокербенге 20 адамдан турган экспедициялык топ кошулду. 

Ошондой эле миграция кызматынын өкүлдөрү жана этникалык кыргыздарды медициналык кароодон өткөрүү үчүн медициналык кызматкерлер кирди. 

Премьер-министрдин буйругуна ылайык, Ооганстандагы Памир кыргыздарына гуманитардык жардам товар, азык-түлүк, дары-дармек, жылуу кийимдер жана боз үй түрүндө уюштурулду. Бүгүнкү күндө Ооганстандагы Улуу жана Кичи Памирде 1500гө жакын этникалык кыргыздар жашайт.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам! 
WhatsApp +996551748118