Жаңылыктар
Кыргызстан менен Тажикстан УКМК башчылары протоколго кол коюшту
Чек ара
Кыргызстан менен Тажикстан УКМК башчылары протоколго кол коюшту

Баткен районундагы «Кызыл-Бел» көзөмөл өткөрмө жайында чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган жолугушуу өтүп, анда протоколго кол коюлду. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. 

Протоколдун негизги мааниси эки өлкөнүн чек арасында кайталанып жаткан конфликтерди болтурбоо жана алдын алуу. Жолугушууга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана облустук күч кызматтарынын жетекчилери, ал эми тажик тараптан Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов, Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода жана күч түзүмүнүн жетекчилери катышты.