Жаңылыктар
Ош шаарынын күнү белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарынын күнү белгиленет

Ош шаары эртең 5-октябрда 3016 жылдыгын белгилейт. Салтанаттуу иш-чарага Орусия, Казакстан, Түркия мамлекеттеринен расмий коноктор чакырылган. 

Эки күнгө белгиленген иш-чара  бүгүн «Ош - менин сүйүктүү шаарым» аталышындагы жаштардын жөө жүрүшү менен башталат.  

Андан соң, Алымбек датка этнографиялык эс алуу борборунда Кыргызстан Элдер Ассамблеясынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн майрамдык иш-чарасы улантылат. 

5-октябрда, «Алтын-Күз» аталышындагы жарманке менен борбордук аянтта теарлаштырылган оюн-зоок калаа тургундары менен конокторуна тартууланат.  

Кечинде кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда гала-концерт болуп, аягында фейерверк атылат. Учурда майрамдык иш-чараларды өткөрүү боюнча атайын штаб ачылган.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбөболсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК :присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйтенам!
WhatsApp +996551748118