Жаңылыктар
ЖАМУда 80дей адам жасалма документ менен диплом алганы аныкталды
Дүйнө
ЖАМУда 80дей адам жасалма документ менен диплом алганы аныкталды

Жалал-Абад мамлекеттик университетин бүтүргөн 82 студент жасалма документтер аркылуу диплом алганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан окуу жайда текшерүү жүргүзүлүп, өкмөттүн токтому менен бекитилген “Кыргызстандын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө” жобонунун талаптары бузулуусуна жол берилгендиги аныкталган.

Тактап айтканда, ЖАМУнун педогогикалык багыты боюнча бюджеттик группаларды аяктаган 82 бүтүрүүчү Жалал-Абад облусунун аймагындагы райондордо орто билим берүү мектептеринде 2 жана 3 жыл иштешкендиги тууралуу жалган буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине тапшырышып, жогорку окуу жайды бүткөндүгү тууралуу дипломдорду алып кетишкен. 

Жогорудагы мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 8 млн сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иштери козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.