Жаңылыктар
Баткен: гумжардам үзгүлтүксүз берилүүдө
Чек ара
Баткен: гумжардам үзгүлтүксүз берилүүдө

Баткен облусуна жалпы миң тоннадан ашуун гумжардам жеткирилген. Учурда облустук, райондук жана шаардык кампаларда чек ара айылдарынан эвакуацияланган жарандарга берилүүдө. 

Бүгүнкү күндө эвакуацияланган жарандардын айрымдары үйлөрүнө кайтышкан, ал эми үйлөрү жараксыз абалга келгендер дагы да болсо жакындарынын жана шаардагы атайын даярдалган жерлерде күн кечиришүүдө. Аларга күндөлүк керектелүүчү тамак аш азыктары кампаларга түшкөн гумжардамдан берилүүдө.